Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылга карата 265 ымыркай жарыкка келди

Кыска кабар | 1 Янв 2022 | 575 | 0

Акыркы бир суткада өлкө боюнча 265 ымыркай жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Төрөлгөн ымыркайлардын 114ү уул, 121 кыз болгон. Арасында Бишкек шаарынын перинаталдык борборунан жарыкка келишкен эгиздер да бар.

2022-жылдын тун наристеси Талас облусунда төрөлдү. Ал 12ден 1 мүнөт өткөндө жарыкты көргөн. Андан 4 мүнөт кечирээк, тагыраагы, 12ден 5 мүнөт өткөндө Сузак районунан дагы бир эркек бала жарыкка келген.

Жыл жаңырар алдында көз жаргандардын көбүрөөгү Жалал-Абад облусунда катталган. Тактап айтканда, облус боюнча 64 ымыркай төрөлгөн. Ал эми Бишкек шаарында 56 ымыркай жарыкка келген.

Copyright © 2017 Maral FM