Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан айдоочу каза тапты

Кыска кабар | 1 Янв 2022 | 993 | 0

Бүгүн, 1-январдын таңында Бишкек-Ош унаа жолунда кырсык болуп, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Бишкек-Ош» унаа жолунун Кара-Суу району тушунан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы менен «Субару Аутбек» унаасы кагышкан. Кырсыктан 10 адам ар кандай жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Алардын үчөө Кыргызстандын жарандары болсо, жетөө Өзбекстандын жарандары болгон. Жаракат алган өзбектердин экөө аял, үчөө тестиер бала экени айтылды.

Жерине ӨКМдин Кара-Суу райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу барып, кыпчылып калып каза тапкан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын 2001-жылы туулган айдоочусун чыгарышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM