Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай өткөрмө пункттарында жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү талкууланды

Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 232 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, тараптар кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, кытайлык инвесторлордун өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүү жана жандандыруу, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулады.

Арзыбек Кожошев жана элчи Ду Дэвэнь бир-бирин келе жаткан жаңы жылы менен куттукташты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM