«Ас-Салам» кайрымдуулук фонду Бишкектин Биринчи май районунун тургундарына колдоо ирээтинде 150 муктаж үй-бүлөгө ар бирине 10 каптан көмүр тапшырды. Ага район башчысы Жамалбек Ырсалиев дагы катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган фонд менен мэрия эки тараптуу кызматташуу жана өз ара жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашкан. Жетишилген макулдашуулардын алкагында муктаж үй-бүлөлөрдү катуу отун менен камсыздоо боюнча иш-чаралар планынын дагы бир пункту аткарылды.
Ошондой эле Ырсалиев кайрымдуулук жана гуманитардык долбоорлорго фонд тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, фонддун президенти Бакыт Сарыбай уулуна жана менеджери Шариф Аль Аюбиге Ардак грамоталарды тапшырды.