Биз менен байланышыңыз

БШК: Кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендер 9га жетти

Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 497 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны тогузга жетти.

Боршайкомдун маалыматына караганда, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, башкача айтканда, 27-январь саат 18:00дө аякташы керек.

Талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга 30-январь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

27-февралда Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов районунда бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтөт.

Аталган округдарда 28-ноябрда өткөн шайлоодо «бардыгына каршы» болгондор басымдуулук кылган. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM