Биз менен байланышыңыз

Жаңырган жылдын алгачкы күндөрүндө аба ырайы кандай болот?

Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 323 | 0

Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

1-2-январда Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-2-январь күндөрү Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-2-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-2-январда Ысык-Көл облусунда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз жана 2-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-январда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-январда күндүз жана 2-январда Каракол шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда 1-2- январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM