Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору Гүлшайыр Садыбакасова «Даңк» ордени менен сыйланды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ушул эле орден менен өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон төмөнкү ишмерлер да сыйланышты:
Кубанычбек Абдраков, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча Ысык-Көлдөгү филиалынын директору;
Дамира Дөлөталиева, Соода, коомдук тамактануу, керек-жарак корпорациясы кызматчыларынын жана башка ишкерлердин кесиптик союзунун борбордук комитетинин төрагасы;
Кубанычбек Козубеков, «Манас тренинг борбору» жоопкерчилиги чектелген коомунун окуу бөлүмүнүн окутуучусу;
Болотбек Малдыбаев, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин көркөм маданият жана билим берүү факультетинин музыка кафедрасынын профессору;
Марат Сагымбаев, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун директору;
Геннадий Сиротин, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Бишкек штамптоочу заводу» ишканасынын инструменталдык цехинин башчысы.