Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Телефондук сүйлөшүү алкагында Акылбек Жапаров жана Аскар Мамин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.
Ошондой эле Жапаров Казакстандын премьер-министрин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердигине ийгилик, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.