Connect with us

Алымкадыр Бейшеналиев «Алтын балалыкка» «Тез жардам» унаасын тапшырды

Кыска кабар | 26 Дек 2021 | 938 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлгө жасаган иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» медициналык-реабилитациялык борборуна барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр борбордун абалы, андагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан «Тез жардам» унаасын тапшырды.

Айта кетсек, борборду куруу 2000-жылы башталып, 2005-жылы толук бүтпөй токтоп калган.

Президент Садыр Жапаров март айында Ысык-Көлгө жасаган иш сапарында «Алтын балалык» борборунун абалы менен таанышып, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге курулушту улантуу тапшырмасын берген.

Буга байланыштуу 15-октябрда кайрымдуулук марафону өтүп, өлкө башчысы баштаган бир катар адамдар, уюм-мекемелер акчалай жардам беришкен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM