Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү! 26-27-декабрь күндөрү суук болот

Кыска кабар | 24 Дек 2021 | 195 | 0

Кыргызстанда 26-27-декабрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

26-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

27-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

27-декабрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында 26-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, 27-декабрда түнкүсүн кээ бир райондорунда кар жаайт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок болот. Айрым жерлерде батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

27-29-декабрь күндөрү абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4-9 градус, күндүз 0-5 градус, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5-10°, күндүз 0-5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -2° сууктан +3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -4-9° суук, күндүз -1-6° суук болушу күтүлөт.

28-декабрда түнкүсүн жана 29-декабрда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6-11°, күндүз 0-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20-25°, күндүз -5-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -10-15°, күндүз -6-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26-31°, күндүз -10-15° суук болушу мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM