Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов 2022-жылдын 9-февралына чейин камакка алынды. Мындай чечимди 24-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Калмаматов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу, №21 тергөө абагына камалды.
Бактыбек Калмаматов 22-декабрда түнкүсүн «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылууда.
Саясатчынын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, куугунтук катары сыпатташууда.