Биз менен байланышыңыз

Президент келечек муундан Илон Маск, Марк Цукерберг чыгат деп үмүт кылат

Кыска кабар | 24 Дек 2021 | 240 | 0

Мамлекет жылдан жылга Кыргызстандын келечек муундарынын терең билим, татыктуу тарбия алышына бардык шарттарды түзүүгө күч-аракет жумшап жатат.

Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда балдардын жаңы жылдык майрамы учурунда айтты.

Жапаров ага жараша билим алууга умтулган, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштар көбөйүп жатканын белгилейт.

Президент келечек муундардан ата-эненин үмүтү чоң экенин, алар мамлекеттин түптөөчүлөрү болгон Исхак Раззаков, Жусуп Абдрахманов жана башкалардай болсо экен деп тилек кылышарын айтып, алардын катарында дүйнөлүк ийгиликтүү ишкерлер, миллиардер Илон Маск менен «Фейсбуктун» негиздөөчүсү Марк Цукербергди кошуп кетти.

«Мектепти эң жакшы бааларга окуп, ата-энеңерди урматтап, мекенди сүйүп, ага ар дайым жан тартып, максатыңарга жетүүгө умтулсаңар, Кыргызстанга кошкон салымыңыздар ошол болот. Эже-агайыңардын, ата-энеңердин «менин балам, менин кызым, эл керегине жараган, өлкөсүн өргө карай сүрөгөн уул-кыздардан болсо экен» деген аруу тилектерин аткарууга чакырам.

Анткени биз — ата-энелер жана эже-агайларыңар уул-кыздарыбыздан Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков, Ишеналы Арабаев, Чынгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева, Илон Маск, Марк Цукербергдер чыкса экен деп ниет кылабыз», — деди президент.

Ал мындан тышкары балдарды кайрымдуу болууга, улууларды сыйлоого чакырды.

Балдар үчүн жаңы жылдык белектер Кыргызстанда өндүрүлгөн мөмө-жемиштерден, таза азыктардан даярдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM