Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Эл майрам күндөрү коопсуздугу ишенимдүү колдо экендигин сезүүсү керек

Кыска кабар | 24 Дек 2021 | 730 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосуна катышты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, алдыдагы жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтүүдө.

«Өлкөнүн калкы жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздугу ишенимдүү колдо экендигин сезүүсү керек», — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, саптык кароо-инструктажы Бишкекте, ошондой эле республиканын бардык аймактарында күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрүнүн кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү, жаңы жылдык майрамдарда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө.

Ошондой эле гарнизондук саптык кароо учурунда экологиялык жана туристтик милициянын техникасы жана транспорту текшерилди.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM