Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 9 миң 370 адам эмделди

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 254 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 9 миң 370 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Анын ичинен 4 миң 455 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 915 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 195 миң 827 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 983 миң 534 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM