Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Билим берүү тутуму реформалоого муктаж

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 371 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров билим берүү тутуму реформалоого муктаж экенин белгиледи.

«2020-жыл билим берүү тутумун кардиналдуу түрдө өзгөрттү. Ааламдашуу, технология дүйнөсүндөгү кескин секириктер, нано жана нейро-технологиялар, санарипке өтүү, жашыл экономика – мунун баары санариптештирүү доорунун талабы. Билим берүү тутуму заман талабына жараша жүрүүсү зарыл», — деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Университет 4.0» билим берүү процессин өнүктүрүүнүн концептуалдык моделинин жаңы форматы иштелип чыккан, ал жогорку билим берүүнү өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларына толук жооп берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM