Connect with us

14 уйду Өзбекстанга, 8 уйду Казакстанга айдап бараткандар кармалды

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 270 | 0

14 уйду Өзбекстанга, 8 уйду Казакстанга айдап өтүүгө аракет кылган эки адам кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Ала-Бука районунун чек арачылары Аксы районундагы Таза-Суу чек ара тилкесинен 1986-жылы туулган А.К. аттуу жигитти кармаган. Ал 14 уйду Өзбекстанга эч кандай уруксат кагазы жок, аткезчилик жол менен айдап бараткан. Болжолдуу эсеп боюнча бул уйлар сатылганда 600 миң сом болмок.

Ушундай эле жол менен 8 уйду Казакстанга айдап бараткан дагы бир 1982-жылы туулган Т.Р.ны Талас облустук чек арачылары колго түшүргөн. Бул адамдын жанынан эч кандай документи жок аңчылык куралы да табылган.

Тиешелүү кагаздар толтурулган соң, андан аркы чараларды көрүү үчүн кармалгандар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM