Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун кездешүүсүндө белгилүү болду.
Жолугушууда алар эки өлкө ортосундагы маданий байланыштарды талкуулап, келечек долбоорлор боюнча сүйлөштү.
Ошондой эле 2022-жылы Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрү тууралуу да сөз болду.
Мехмет Нури Эрсой маданият күндөрүн Түркиянын бир канча шаарында өткөрүүнү сунуштады.
Кездешүү соңунда Азамат Жаманкулов Түркиянын министрин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, туризм тармагында да бир канча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.