Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Жакында искусство жана маданиятты өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлөт

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 469 | 0
Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн ачылышы

Президент Садыр Жапаровдун 2-ноябрь — маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамына карата куттуктоосу жарыяланды. Анда элдин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайынча күчтүү коомду куруу кыйын деп айтылат.

Президент мамлекет тарабынан маданият тармагын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келе жатканын жана мындан ары да көңүл борборунда болоруна ишендирди.

Садыр Жапаров өлкөдө болуп жаткан бурулуш окуялардын жышааны менен жакынкы жылдары бийлик тарабынан искусствону жана маданиятты өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлөрүн билдирди.

«Кезинде кыргыз маданиятын болуп көрбөгөндөй бийиктикке алып чыккан Күлүйпа Кондучалова апабыздын: «Маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар, кыргызды сактайсыңар!» — деген керээз сөзүн ар дайым эсибизден чыгарбашыбыз керек. Биз көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоодогу, элибиздин маданий казынасын байытуудагы эмгегиңиздерди жогору баалайбыз», — дейт президент.

Бүгүн, 2-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. Иш- чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын эл артисттери кызыл килем аркылуу өтүп, «Кыргыз маданиятынын залкарлары» даректүү тасма көрсөтүлөт.

Ошондой эле, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык  драма театры , К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Б. Бейшаналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана  искусство университети, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы, М. Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернаты тарабынан даярдалган концерттик программа сунушталат.

Кыргызстанда 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнү. 1926-жылдын дал ушул күнү учурдагы улуттук филармония, опера-балет театры, кыргыз драма театрынын түп башаты болгон Фрунзе музыкалык драма студиясы алгачкы студенттерин окутууну баштаган. Кыргыз профессионал маданият жана искусствосу дал ушинтип түптөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM