Электр энергиясынын жаңы тарифтик баасы бекитилди. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.
Айтылган тариф Министрлер кабинетинин 30-сентябрдагы токтомдоруна ылайык, 15-октябрдан тарта иштеп баштаган. Буга байланыштуу жалпы керектөөчүлөр үчүн энергия акысы төмөнкү тартипте белгиленди:
- турак үйлөрдүн ээлери светти 700 кВт саатка чейин 77 тыйындан, ал эми андан ашкан учурда 2 сом 16 тыйындан төлөйт;
- шарты катаал, бийик тоолуу аймактарда жашаган калк бардык учурда 77 тыйындан төлөйт (атайын шарттар эске алынып, керектөө ченеми белгиленген жок);
- калкка таза суу жана сугат суу чыгарган насостук станциялар, скважиналар, ошондой эле канализациялык чарбалар салыктарды эске албаганда 1 сом 9 тыйындан төлөйт;
- электр транспорту, интернат тибиндеги жатак окуу жайлар, майыптар, карылар үйлөрү, социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелердин, диний уюмдардын имараттары үчүн салыктарды эске албаганда 1 сом 68 тыйындан төлөнөт:
- өнөр жай, айыл чарба имараттары, бюджеттик мекемелердин имараттары үчүн салыктарды эске албаганда 2 сом 52 тыйындан төлөнөт;
- Майнинг (криптовалюта) субъекттери, алтын кен өнөр жай ишканалары (алтын өндүрүүчү фабрикалар), алкоголдук продукцияларды өндүргөн ишканалар салыктарды эске албаганда 5 сом 4 тыйындан төлөйт;
- Куючу, эритүүчү цехтер салыктарды эске албаганда 3 сом 78 тыйындан төлөйт;
- Цемент заводдору 3 сом 28 тыйындан төлөйт;
Ошол эле учурда ысык суу жана жылуулукка болгон төлөмдөр да төмөнкү тартипте белгиленди:
Жалпы калк үчүн:
- жылуулук энергиясына болгон тарифтер азыркы деңгээлде 1,134,76 сом/Гкал өлчөмүндө сакталат;
- ысык суу менен камсыздоонун тарифтери 981,76 сом/Гкал өлчөмүндө азыркы деңгээлде сакталат.
Башка керектөөчүлөр тобу үчүн:
- жылуулук энергиясына болгон тариф 1 802 сом/Гкалды түзөт (салыктарды эске албаганда);
- ысык суу менен камсыздоонун тарифи 1 802 сом/Гкалды түзөт (салыктарды эске албаганда).