Connect with us

ИИМ: Баткендин тургуну 3 кг нашаа менен кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Окт 2021 | 549 | 0

Ички иштер министрлигинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 3 килограммга жакын нашаа алып бараткан жаранды кармады.

Маалым болгондой, атайын жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аталган органдын кызматкерлери Лейлек районунун «Сай» тосотунан «Опель-Зафирагос» унаасын токтоткон. Текшерүү учурунда унаадагы баштыктын ичинен башкача жыты бар, кочкул күрөң түстөгү 3 брикет зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен аталган заттын 2 кг 922 грамм каннабис чайыры — «гашиш» экени аныкталды.

Бул факт Кылмыш кодексинин 267-беренеси (баңгизатын жана акыл-эске зыянын тийгизген заттарды мыйзамсыз даярдоо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM