Баткен облусунун чек арасын бекемдөө, экономикасын көтөрүү, социалдык проблемаларын чечүү жагынан кандайдыр бир кыймылдар болуп жатат. Бирок ал канааттандырарлык эмес. Мындай пикирин Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов «Маралдын» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, азыркы болуп жаткан иштер эл ынанарлык деңгээлде эмес. Азыр аймакты узак мөөнөткө өнүктүрүү программасы түзүлүп жаткан менен ал жакта күнүмдүк чаралар көрүлүп жатат. Мисалы, мектеп куруу, бир жерди оңдоп коюу.
«Алар албетте, анча-мынча элдин тиричилигин оңдойт, бирок өнүгүүгө түрткү бербейт. Өнүгүүгө узак мөөнөттүү өнүктүрүү программасы керек. Ал билимдин, илимдин негизинде жасалышы керек. Андан тышкары ал программасында ишке ашыруу механизми жок, финансы булактары так эмес», -дейт ал.
Султанбай Айжигитов учурда «Талибан» коркунуч жаратып турганда, тажиктер менен мамиленин чыңалуусу эки жакка тең пайда алып келбей турганын кошумчалады.