Connect with us

Масадыков баштаган делегация Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 659 | 0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганстан элине гуманитардык жүк жеткирди.

Гуманитардык жүк Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды.

Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен молдо Абдул Гани Барадар ортосунда кеңири маек болду.  Анын жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, Ооганстандагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.

Абдул Гани Барадар Ооганстандын элине  гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

Ал Ооганстандын болгон муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле Ооганстандын каржылык эсептери алигиче ачылбай жатканын белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда молдо Абдул Гани Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, талибдерге өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү зарылдыгын билдирди.

Мындан сырткары, Кабул шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM