Connect with us

Президент Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым берди

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 1234 | 0

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттолушкан «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев менен «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазовго ырайым берилип, абактан бошотулду. Бул тууралуу жактоочу Эрнис Саданбеков кабарлады.

Маалыматка караганда, Айбек Калиевге ырайым берүү боюнча чечимге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Айбек Калиев Петровка айылындагы №8 тергөө абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Ал 2019-жылы декабрь айында Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ТВЕА компаниясынын унаасын сатканы үчүн 1 млн сом өлчөмүндө кенемте төлөп берүүсү талап кылынган.

Copyright © 2017 Maral FM