Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ПЧР-тести дагы бир тармакта арзандады

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 497 | 0

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча департаменти, Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнө турган кызматтардын тарифтеринин прейскурантын (товарга болгон баалар тууралуу маалымдама) бекитти. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирет.

Ага ылайык, ПЧР-тесттеринин баасы 32 пайызга төмөндөдү.

Сапаттуу ПЧР-анализи боюнча бир изилдөөнүн баасы 1 326 сомдон 896 сомго түштү.

Эске салсак, буга чейин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясында ПЧР-тестти тапшыруу 1 574 сомдон 786 сомго арзандаган.

Ал эми башка жеке менчик лабораториялар өздөрү койгон тариф менен иштеп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM