Connect with us

ИИМдин аймактык бөлүмдөрү жаңы унаалуу болушту

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 227 | 0

Бүгүн, 10-сентябрда Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Аламүдүн райондоруна жана Токмок шаарына берилген 10 унаа транспорттук жетишсиздикти жоюу максатында алынып келген.

Унаалардын ачкычын тапшыруу аземи Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында өтүп, ага министр Улан Ниязбеков, орун басарлары Нурбек Абдиев, Октябрь Урмамбетов катышты.

Бишкектеги «Шевроле» унаа борборунун өкүлүнүн айтымында, жаңы унаалардын 3 жылдык кепилдиги жана 100 миң километрге чейин техникалык жактан тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM