7-10-сентябрь күндөрү Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.
Көгүлтүр от Сухомлинов менен Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги газ түтүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлө тургандыгына байланыштуу өчүрүлөт.
Газ Бишкек шаарынын Төмөнкү Жал кичи районунда, Садырбаев, Гагарин, Тынчтык пр., Пожарский көчөлөрү жана Медеров, Абай, Ахунбаев, Таш-Көмүр, Ажыбек Баатыр көчөлөрү менен чектешкен аймакта, Жылуулукэнергоремонт отканасында өчүрүлөт.