Эртең, 6-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз +31… +36;
Талас облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +29 … +34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 … +20, күндүз +32 … +37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +23 … +28;
Нарын облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +17 … +22 градус ысык болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16 … +18, күндүз +32 … +34 градус ысык болот.