Биз менен байланышыңыз

Быйыл алты айда республикалык бюджеттин кирешеси 80 млрд 767 млн сомду түздү

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 522 | 0

Алдын ала маалыматтар боюнча быйыл алты айда республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 80 млрд 767 млн сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинен билдиришти.

Киреше быйылкы алты айга белгиленген пландан 3 млрд 458,1 млн сомго көп болгон. Ошол эле учурда былтыркы жылга караганда киреше 28 млрд 296,6 млн сомго көбөйгөн.

Ал эми республикалык бюджеттин алты айдагы чыгымы 80 млрд 191,7 млн сомду түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу чыгашалар 10 млн 45,9 млн сомго арткан.

«Алдын ала маалыматтар боюнча жарым жылда республикалык бюджеттин профицити 575,3 млн сомду түздү», — деп билдирет министрлик.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM