Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Индиядан келе албай жаткан жарандар боюнча өкмөткө кайрылды

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 373 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Индиядан мекенине келе албай жаткан кыргыз жарандары боюнча Министрлер кабинетине кайрылды.

Акыйкатчы «Дели – Ташкент» аба каттамы токтотулушунан улам Индиядан учуп кете албай калган 50гө жакын жаранды Кыргызстанга кайтаруу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат сураган.

Эскерте кетсек, Индияга дарыланууга кетип, бирок кайра мекенине кайта албай калган жарандар буга чейин бийликке бир нече жолу кайрылышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM