Биз менен байланышыңыз

Жайкы окутуунун үчүнчү күнү. Мугалимдер санариптик ыкмалар тууралуу үйрөнүшүүдө

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 5680 | 1

Бүгүн, 29-июнь III республикалык жайкы окутуунун үчүнчү күнү. Бүгүн мугалимдер эртеден кечке семинарларга катышып жатат.

Күндүн биринчи бөлүгүндө «Мыкты мугалим-2021» сынагынын жеңүүчүсү, жаш мугалим Илгиз Шамырзаев сабак өттү. Ал окутуучуларга мугалим мыкты болуу үчүн эмнелерге көңүл бурушу керек деген темада ойлорун бөлүштү.

Мындан тышкары Казак улуттук педагогикалык университетинин педагогика жана психология кафедрасынын башчысы Адлет Кариевдин да сабагына катышты. Адлет Кариев педагогикалык жөндөмдүүлүк жөнүндө тажрыйбасы менен бөлүштү.

Түштөн кийин санариптик ыкмалар менен билим берүү тууралуу да семинар өткөрүлдү. Аны «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун санариптик долбоорлор боюнча координатору Данияр Сүйүндүк уулу өттү.

Ал азыркы замандын талабына ылайык, мугалимдер да колундагы бар техникалары аркылуу жашоосун жеңилдетип, сабактарын өтүүдө да санарип ыкмаларды колдонууга үндөдү.

Бишкекте «Санарип 50+» деген долбоор ишке ашып жатат. Ал улуу муундун өкүлдөрүн санарип жашоого ылайыкташтырууну көздөйт. Мугалимдер да ушул долбоорго катыша алышат.

27-июндан 3-июлга чейин өтүп жаткан жайкы окутуу мугалимдердин эс алуусу менен окуусун айкалыштыруу максатында өткөрүлүүдө.

1 пикир

1 пикир

  1. Рая Асилбековна

    29.06.2021 16:06

    Мен Маралды Санжыраны дайыма ушам.Мага жагат.Ийгилик ишинерге.Бахарга Рахмат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM