Биз менен байланышыңыз

Офтальмолог: Күн ысыкта сыртка чыгуу көзгө зыян

Күн өтө ысып турганда тышка чыгуу көзгө зыян. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын көз оорулар бөлүмүнүн офтальмолог дарыгери Кундуз Бекбоева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө саат 11:00дөн 15:00гө чейинки тийген Күндүн нуру өтө күчтүү болот. Ошол убакта адамдар эшикке чыкпоого аракет кылып, чыкса да кол чатыр көтөрүп, же баш кийимчен чыгуусу керек. Баш кийим башты ысытпаган, табигый кездемеден жасалган болуусу шарт. Болбосо, Күндүн ачуу нуру башты ысытып, көзгө да таасир берет.

Күн ысыкта көздөрү кызарып, мээси лукулдап чыккан жарандар баш сөөктөгү басымдан жабыркашат. Аны жарым жылда бир болобу, убагында дарылап туруу керек.

«Бизде көп аялдар күйөөлөрүнөн токмок жешет; ары-бери урунду болушат; эркектер согушуп кетишет; спорт менен машыгып жатып жаракат алышат. Ошондо баары тең эле баш сөөктүн ичиндеги басымдын жогорулап кетүү оорусуна чалдыгышат», -дейт ал.

Дарыгердин айтымында, 35 жаштан өткөндөр терапевттин макулдугу менен канды суюлтуучу дарылардан ичип турса болот. Анткени вирус болобу, бактерия болобу, адамдын канын коюулантып жиберет. Кан суюлуп, жакшы жүгүрүп турса, ошол жакта тромб болбойт, кан уюбайт, баш да лукулдабайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM