Биз менен байланышыңыз

Евро-2020: Плей-офф баскычына чыккан курамалар аныкталды (оюндар жадыбалы)

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 24 Июн 2021 | 1187 | 0

Футбол боюнча Европа чемпионатынын 1/8 финалына чыккан курамалар аныкталды.

Акыркы беттештер Бишкек убактысы боюнча кечээ, 23-июнда саат 22:00дө жана 24-июнда саат 01:00дө болуп өттү.

2016-жылдан тарта киргизилген эрежелерге ылайык, бул Европа чемпионатына да 24 команда катышып, алардын ичинен 1/8 финалга 16 курама чыкты. Плей-офф баскычына өз тайпасында алдыңкы эки орунду алган команда жана үчүнчү орунду ээлеген 4 мыкты курама өтө алды.

1/8 финалдын оюндары ишемби, 26-июнда, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Чейрек финалдын оюндары 2-июлда, жарым финал 7-июлда башталат. Ал эми 12-июлда финалдык беттеш өтөт.

Белгилей кетсек, Евро-2020 былтыр 12-июндан 12-июлга чейин болуп өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Мелдеш 2021-жылы өткөрүлүп жатканына карабай, анын Евро-2020 аты сакталып калган.

1/8 финалдын оюндары:

26-июнь, саат 22:00

Уэльс – Дания

27-июнь, саат 01:00

Италия – Австрия

27-июнь, саат 22:00

Нидерланд – Чехия

28-июнь, саат 01:00

Бельгия – Португалия

28-июнь, саат 22:00

Хорватия – Испания

29-июнь, саат 01:00

Франция – Швейцария

29-июнь, саат 22:00

Англия – Германия

30-июнь, саат 01:00

Швеция – Украина

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM