Биз менен байланышыңыз

Бишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газы дээрлик эки жумага өчүрүлөт (дареги)

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 708 | 0

Бишкектин бир бөлүгүңдө 28-июндан 9-июлга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.

Көгүлтүр от текшерүү жана газ түтүгүндөгү эски жабдыкты алмаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Жаратылыш газы Садырбаев, Толстой, Ала-Арча дарыясы, Миңжылкыев, Тыналиев жана Масалиев көчөлөрү менен чектелген аймакта жок болот.

«Газпром Кыргызстан» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM