22-июнда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым райондордо жамгыр жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз + 25 … +30;
Талас облусунда түнкүсүн + 9 … +14, күндүз +24 … +29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 14 … +19, күндүз +31 … +36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +20 … +25
Нарын облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +19 … +24 градус ысык болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, ал эми күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14… +16, күндүз +28… +30 градус ысык болот.
Алдыдагы жумада туруксуз аба ырайы болушу күтүлүүдө