Биз менен байланышыңыз

ШКУнун өкмөт башчыларынын жолугушуусун Нур-Султанда өткөрүү пландалууда

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 525 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусун Нур-Султанда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Казакстандын ШКУ маселелери боюнча координатору Али Ерлик билдиргенин «Казинформ» агенттиги жазды.

Ал, бүгүн, 15-июнда ШКУнун түзүлгөнүнө 20 жыл болуп жатканын айтып, Казакстан ШКУнун маанилүү органдарынын бири – Өкмөт башчылар кеңешин түзүүнүн демилгечиси экенин белгилеп өткөн.

«Уюмдун мааракелүү жылында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жолугушуусу 2021-жылдын ноябрь айында Нур-Султанда өткөрүү пландалып жатканы жышаналуу иш», — деген ал.

Белгилей кетсек, ШКУга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Пакистан жана Индия мүчөлүк кылат. Ооганстан, Беларусь, Иран, Монголиянын байкоочу мамлекет, Армения, Азербайжан, Шри-Ланка, Камбоджа, Түркия жана Непалдын диалог боюнча өнөктөш макамы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM