Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы мигрант Махбурат Эмилбаеванын укугун коргоп берүүгө даяр

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 399 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов Орусиядагы кыргызстандык мигрант Махбурат Эмилбаеванын укугун коргоп берүүгө даяр.

10-июнда Москва шаарындагы Хамовники райондук соту Махбурат Эмилбаеваны полиция кызматкерлерине баш ийбөөгө айыптап, 3 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Акыйкатчы бул факты боюнча Эмилбаева соттун чечимине жана полициянын аракеттерине арыздануу ниетин билдирсе, мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерине жардам берүүгө даяр экенин белгилейт.

11-июнь күнү кечке маал ал камактан чыгарылган.

Акыйкатчы институту билдиргендей, мындан мурдараак Токон Мамытов Кыргызстандын жаранынын кармалуу жагдайын текшерүү, анын укуктарынын бузулушуна жол берген адамдардын жоопко тартылышына чара көрүү маселеси менен Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москальковага жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматка кайрылган.

«Азаттык» жазгандай, Орусияда жети жылдан бери мигрант болуп жүргөн Махбурат Эмилбаева «Новая газета» басылмасына кайрылып, 2-июнда Москвадагы Хамовники райондук полиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз алты саатка камакка алынганын, кызуу полиция кызматкерлери өзүнө күч колдонгонун айтып берген. Анда полиция Эмилбаеваны эки административдик мыйзам бузууга – «бейбаштык» жана «Орусияда жүрүү эрежелерин бузган» деп айыптап, 5 миң 500 рубль айып пул менен коё берген.

Ал экинчи жолу макала жарык көргөндөн кийин 8-июнда кечке маал иштеген жеринен кармап кетишкенин кабарлаган.

Ооруканага барып, денесиндеги тактарды экспертизага каттаткан Эмилбаева полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери жана административдик мыйзам бузуу иштерин бурмалоо боюнча Тергөө комитетине, прокуратурага жана ИИМдин Жеке коопсуздук башкармалыгына арыз жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM