Connect with us

БУУ Эфиопиянын түндүгүндө эл ачарчылык алдында турганын эскертти

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2021 | 515 | 0

Бириккен Улуттар Уюму Эфиопиянын түндүгүндөгү Тыграй аймагында эл ачарчылык алдында турганын эскертти.

БУУнун маалыматы боюнча, аскердик кагылышуудан жабыркаган аймактагы элдин 70%ы же 4 млн киши курсагы чала тоют болуп жатса, алардын 350 миңи ачкачылыкка туш болгон. Уюм акыркы 10 жылда дүйнөнүн бир да мамлекетинде мындай көрүнүш болбогонун белгилейт.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ), Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын баяндамасында, эгер аталган аймакка тез арада жардам жөнөтүлбөсө, Тыграйдын көптөгөн тургундары ачкалыктан каза болушу мүмкүндүгү эскертилет.

Тыграйды кошуп эсептегенде Эфиопиянын түндүгүндө 5,5 млн киши курсагы чала тоют калууда. Аскердик кагылышуудан көбүнесе айыл жергесинин жашоочулары жапа чеккен.

“Көптөгөн фермалар талкаланып, үй жаныбарлары, үрөндөр жок кылынган”, — дейт ФАОнун башкы директору Цюй Дунъюй.

Анын айтымында, азыр айылдагы тургундарга чарбасын калыбына келтирүүгө, азык-түлүк өндүрүшүн жолго салууга көмөктөшүү керек.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бисли билдиргендей, алардын уюму Тыграйдагы программаларын токтоткон эмес. Бирок куралчан топтор гуманитардык жардам жеткирген кызматкерлердин жолун бууп жаткандыктан, алар айылда турган жашоочулардын көбүнө жете албай жатышат.

Эфиопиядагы кырдаалга ЮНИСЕФ да кооптонууда. Фонддун жетекчиси Генриетта Фордун айтымында, быйыл февраль айынан бери өлкөнүн түндүгүндөгү беш жашка чейинки 250 миң бала алсырап-азгандыктан текшерүүдөн өткөн. Алардын 7 миңден ашыгы ооруканага жаткырылган. Божомолдор боюнча жыл аягына чейин 56 миң бала дарылануудан өтүшү керек болот.

Былтыр ноябрь айында Тыграйда өкмөттүк күчтөр менен Тыграйды бошотуу элдик фронтунун ортосунда согуш аракеттери башталган. Анын айынан көптөгөн адамдардын нан таап жегенге мүмкүнчүлүгү калбай калган. Миңдеген адам өзү жашаган жерден качууга аргасыз болгон.

Баяндама жасагандар, куралдуу кагылыштын уланышы дагы көптөгөн адамдардын үйлөрүн таштап качуусуна алып келет деп кооптонууда.

Аталган уюмдар жакын арада Эфиопиянын түндүгүндөгү иштерин күчөтүүнү көздөп жатат. Ага байланыштуу алар урушуп жаткан тараптарды ок атууну токтотуп, аймакка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн тез арада жол ачып берүүгө чакырды. Аны менен бирге алар донорлорго гуманитардык жардам үчүн каражат бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

БУУ тез арада чара көрүлбөсө, Эфиопиянын түндүгүндө ачарчылык болуп, миңдеген адам каза болорун эскертет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM