Connect with us

Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт

Кыска кабар | 13 Июн 2021 | 577 | 0

Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, президенттердин жолугушуусунда бир катар маслелер каралып, талкууланган. Ал эки президенттин алгачкы жолугушуусун «эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш» деп сыпаттады.

Казакбаев эки тарап кол койгон документтер, сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берип, Түркия Кыргызстандын Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниетин билдиргенин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, буга чейин Жапаров Түркиядан аскердик жардам сураганы айтылган.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM