Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 371 адам илдетке чалдыгып, 9 адам каза болду

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 390 | 0

Бүгүн, 3-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 371 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 169, Ош шаарында — 40, Чүй облусунда — 91, Ош облусунда — 20, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда — 24, Жалал-Абад облусунда — 13, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда 299 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 9 киши каза болгон: Бишкекте – 5, Чүй облусунда – 4.

3-июнга карата өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 662 адам, ал эми амбулатордук түрдө 1 миң 847 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 105 миң 840 учур катталган. Анын ичинен 99 миң 474ү айыгып чыккан, 1 миң 830 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM