Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 894 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Экс-премьер-министр «Кумтөр» компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча суракка чакырылган.

Буга чейин Темир Сариев «Кумтөр» иши боюнча тергелген. Кийинчерээк УКМК мурдагы депутаттар Турсунтай Салимов менен Сергей Ибрагимовду да суракка алганы белгилүү болду. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков да суракка чакырылганы айтылды.

24-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Өмүрбек Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш иши токтотулганын кабарлаган. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен 100 миллион сом бермей болгон.

26-марттагы басма сөз жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бабановдун иши боюнча иликтөөлөр эки ай жүргөнүн жана ал эч кимге зыян келтирбегени аныкталганын билдирген.

Аталган сумма 29-мартта мамлекеттин бюджетине которулганын Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы тастыктаган.

Эскерте кетсек, 15-майда «Кумтөрдүн» кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Кийинчерээк тергөө иш-чаралары коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү белгилүү болду. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин айткан.

Компания учурда убактылуу тышкы башкарууга берилип, ага Тенгиз Бөлтүрүк жетекчи болуп дайындалган.

Бабановдун 100 млн сому министрликтин эсебине түштү

Copyright © 2017 Maral FM