Президент Садыр Жапаров аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы, эрдиги үчүн, ошондой эле чек арачылар күнүн майрамдоого байланыштуу мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Кыргызстанда 28-май — чек арачылардын кесиптик майрамы.
«Даңк» медалы менен сыйланган аскер кызматчылары төмөнкүлөр.
Нурсултан Абдилахат уулу — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кенже сержанты;
Улукбек Данияр уулу – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кенже сержанты;
Мирлан Джаркимбаев – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын полковниги;
НурисламИбраим уулу – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын катардагы жоокери;
Чынгыз Максутов – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын прапорщиги.