Марал Радиосу

«Даңк» медалы менен сыйланган аскерлердин аты-жөнү

Президент Садыр Жапаров аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы, эрдиги үчүн, ошондой эле чек арачылар күнүн майрамдоого байланыштуу мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кыргызстанда 28-май — чек арачылардын кесиптик майрамы.

«Даңк» медалы менен сыйланган аскер кызматчылары төмөнкүлөр. 

Нурсултан Абдилахат уулу — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кенже сержанты;

Улукбек Данияр уулу – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кенже сержанты;

Мирлан Джаркимбаев – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын полковниги;

НурисламИбраим уулу – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын катардагы жоокери;

Чынгыз Максутов – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын прапорщиги.

Exit mobile version