Президент Садыр Жапаров аскер кызматкерлерин «Эрдик» медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн каармандагы жана эрдиги үчүн каза болгондон кийин сыйланган аскерлер:
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Эсентур Кубанычбеков;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Нурсултан Манасбек уулу;
Чек ара кызматынын прапорщиги Бекзодбек Юлдашев.
Бул чек арачылар 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышууда тажик тараптын кол салуусунда көз жумган.
«Эрдик» медалы менен сыйланган аскерлердин толук тизмеси:
-Ички иштер министрлигинин кызматкери, милициянын майору Нурбек Абдуллаев;
-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын прапорщиги Абдусухан Абдураимов;
-Ички иштер министрлигинин майору Ибрагим Акматов;
-Коргоо министрлигинин прапорщиги Белекбай Алибаев;
-Ички иштер министрлигинин кенже сержанты Равшан Алибаев;
-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын улук лейтенанты Бейкут Алмаз уулу;
-Ички иштер министрлигинин милициянын капитаны Адилет Атамалиев;
-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын улук лейтенанты Элдияр Бабаев;
-Ички иштер министрлигинин капитаны Бахтияр Бекматов;
-Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин майору Адилбек Гыязов;
-Коргоо министрлигинин сержанты Адилет Жумадылов;
-Ички иштер министрлигинин улук сержанты Асылбек Имамали уулу;
-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын прапорщиги Батырбек Маматиса уулу;
-Ички иштер министрлигинин кенже сержанты Мухаммаднурий Маматов;
-Ички иштер министрлигинин кенже сержанты Темирлан Өскөнбай уулу;
-Ички иштер министрлигинин капитаны Эрнис Рысбаев;
-Ички иштер министрлигинин милициянын майору Жолдубай Саткынов;
-Коргоо министрлигинин подполковниги Нурбек Токобаев;
-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын полковниги Кыялбек Толонбаев;
-Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин подполковниги Туратбек Турдуев;
-Коргоо министрлигинин майору Темирмалик Хасанов.