Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы беш өткөрүү пункту аркылуу гана өлкөдөн чыга алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Мындай чечим Кыргызстан менен Тажикстандын чек араcына убактылуу чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу кабыл алынган.
Тажикстандын жарандары Кыргызстандан чыга турган өткөрүү пункттары:
«Кулунду-автожол»;
«Кайрагач-автожол»;
«Кызыл-Бел-автожол»;
«Бор-Дөбө-автожол»;
«Карамык-автожол».
25-майда Кыргызстан Тажикстан менен чек араcына убактылуу чектөөлөрдү киргизген.
Чектөөгө ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, өлкө ичинде жүрүүсүнө жана транзиттик өлкө катары пайдалануусуна чектөө коюлган.
Ошондой эле Тажикстанга «Кулунду-Автодорожный», «Кайрагач-Автодорожный», «Кызыл-Бел-Автодорожный», «Бордо-Автодорожный» жана «Карамык-Автодорожный» өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү чектелген эле.
Кыргызстан киргизген чектөөлөр айрым учурларга тиешеси жок:
-Кыргызстан жана Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн;
-чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн;
-Кыргызстан менен Тажикстандын расмий адамдары үчүн (тиешелүү органдар менен алдын ала макулдашуудан кийин).
УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын аймагында жүргөн кыргыз жарандары Кыргызстанга кайтып келе алышарын, ал эми Кыргызстандын аймагында болгон тажик жарандары чек арадагы өткөрүү пункттары аркылуу Тажикстанга кете алышарын эскертет.
Кыргыз-тажик чек арасында 28-29-30-апрель күндөрү куралдуу кол салуу болуп, Кыргызстандын 36 жараны каза болгон.