Биз менен байланышыңыз

Чек ара: «Элим, барсыңбы?!» 18 млн сом жардам чогултту (видео)

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 1027 | 0

«Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылыштан жабыркаган тургундарга жардам иретинде 18 млн 725 миң сом чогултту. Фонд бул акча Орусия, Украина, Малайзия, Европа өлкөлөрүндө, Америка Кошмо Штаттарында эмгектенип жүргөн мекендештер жана жергиликтүү тургундар тарабынан топтолгонун кабарлады.

Чогулган акча төмөнкү категориялар боюнча бөлүндү: 

— каза болгон жарандардын жакындарына, анын ичинен 19 турмуш-шарты оор жана көп балалууларга 165 миң сомдон, калган 17 жарандын жакындарына 125 миң сомдон;

— жаракат алган 170 жаранга, анын ичинен өтө оор абалдагы 37 жаранга 100 миң сомдон, орто абалдагы 51 жаранга 66 миң сомдон, жеңил абалдагы 82 жаранга 17 миң сомдон;

— турак үйлөрү өрттөлгөн 138 жаранга 35 миң сомдон, 3 жаранга 25 миң сомдон берилди.

Бул суммалар комиссиянын чечими менен бөлүнүп берилүүдө.

«АКШдан атайын келген 3 диаспоранын өкүлдөрү Бакай Оморов, Алтынбек Ахмадов, Абдыкаар Камбаров, фондубуздун ыктыярчысы Нурсултан Майназаров, Азамат Кылычев, фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков, Абдуллаев Өткүрбек жана «Элим, барсыңбы?! — Ош», «Элим, барсыңбы?! — Жала-Абад», «Элим, барсыңбы?! — Кызыл-Кыя» фонддорунун өкүлдөрү менен биргеликте окуядан курман болгон жарандардын жакындарына жана жабыр тарткан мекендештерибизге аманаттарды жеткирип жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM