Биз менен байланышыңыз

Фернандо Торрес футболго кайтып келет

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 26 мая 2021 | 809 | 0

Испаниялык футболчу Фернандо Торрес спортко кайтып келет. Бул тууралуу спортчу Инстаграмдагы баракчасына жазды.

«Мен жашоодон бир гана жол менен ырахат алам: ойноп. Ошондуктан мен кайтууну чечтим. Келе жаткан жумада каякка барарымды айтам», — деди 37 жаштагы футболчу.

Эскерте кетсек, Торрес спорттук карьерасын 2019-жылы жыйынтыктаган. Ал футбол талаасына 2001-жылы келип, «Челси», «Атлетико», «Ливерпуль» сыяктуу атактуу клубдардын катарында ойногон.

«Челсинин» катарында Чемпиондор Лигасын жана Европа Лигасын, «Атлетиконун» катарында Европа Лигасын жеңип алган. Ал эми улуттук курама менен бир жолу Дүйнө чемпиону жана эки жолу Европа чемпиону болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM