Биз менен байланышыңыз

«Биринчи май районунда 5 мобилдик топ иш алып барып жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 мая 2021 | 421 | 0

Бишкектин Биринчи май районунда коронавируска каршы күрөшүү иштеринин алкагында 5 мобилдик топ иш алып барып жатат. Бул тууралуу район акиминин турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары Мавлян Аскарбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Аскарбеков акимиат райондогу абалды, оору жуктургандардын санын көзөмөлдөп турганын белгилеп, быйыл былтыркыдай ажиотаж жок экенин кошумчалады. Анын айтымында, район жашоочуларын тейлөө үчүн учурда 5 мобилдик топ иш алып барып жатат. Мобилдик бригадада 5 дарыгер, 5 медайым бар. Алар күнү-түнү иштеп, 118 номерине түшкөн чалууларга барышат.

«Андан тышкары райондо орусиялык жана кытайлык вакцина менен эмдөө иштери жүрүп жатат. Айта кетсек, №3 Үй-бүлөлүк медициналык борборунда саат 8:00дөн 15:00гө чейин; №7 Үй-бүлөлүк медициналык борборунда саат 8:00дөн 17:00гө чейин; №14 Үй-бүлөлүк медициналык борборунда саат 8:00дөн 23:00гө чейин; №16 Үй-бүлөлүк медициналык борборунда саат 8:00дөн 17:00гө чейин; Бишкектин Биринчи май районуна караштуу Рыскулов көчөсүндөгү шаардык студенттик бейтапканада 16:00дөн 23:00гө чейин эмдөө жүрүп жатат», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM