Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Австралиядан 102 кой алынып келинди

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 595 | 0

Кыргызстанга Австралиядан дорпер тукумундагы 102 кой алынып келинди. Анын ар бирин 2 миң 500 доллардан сатып алышкан. Бул тууралуу Айыл, токой чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, министр Аскарбек Жаныбеков Кемин районунунун Орловка айылындагы асыл тукум кой чарбасы менен таанышкан. Анда чарбанын буга чейин малды асылдандырып жана бордоп сатуу менен киреше таап келгени, жакынкы күндөрдөн тарта Австралиядан келген дорпер тукумундагы койдун санын көбөйтүү ишин колго алышканы маалымдалган.

Бул койлор атайын учак менен жеткирилген. Жердин шартына көнүккөнчө 30 күн кашардан чыгарылбай багылат. Алдыда мындай койдон дагы миңди алып келүү мерчемделүүдө.

Дорпер коюнун алгачкы тукуму 1930-жылы Англиянын Дорсет аймагынын кочкору менен Персиянын карабашыл коюнун аргындашуусунан пайда болгон.

Бул тукумдагы койдун айрыкча териси баалуу келип, андан иштетилген булгаары «Cape Glovers» деген ат менен сатыкка чыгып келет. Бир жылда эки жолу, көпчүлүгү эгиз төлдөйт. Тирүүлөй салмагы 140 килограммга чейин барат. Эти өтө майлуу болбой, жегиликтүү келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM