Биз менен байланышыңыз

Ош: Акыркы коңгуроо онлайн режимде өткөрүлөт

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 364 | 0

Ош шаарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты онлайн өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 24-25-май күндөрү мэрия көзөмөлдү күчөтүп, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн майрамдык салтанатын уюштурууга тыюу салат. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн 10 жылдык, 20 жылдык жолугушууларына да уруксат берилбейт. Буга шаардагы эпидемиологиялык абалдын курчуп кетүүсүнүн алдын алуу иштери себеп болууда.

Ал эми борбор калаа Бишкек шаарында «Акыркы коңгуроо» салттуу режимде белгилене турганы айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM