Connect with us

Шаардык кеңештерге шайлоо: Жокко чыга баштаган жыйынтыктар

Саясат | 12 Май 2021 | 2394 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул коомчулукта ар түрдүү пикир жаратууда. Буга чейин 4-майда Токмок шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, президентке кайра шайлоо дайындоо тууралуу сунуш жиберген. Ал эми Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы качан чыгары белгисиз. 11-апрелде өткөн шайлоонун жалпы жыйынтыгы качан чыгат жана кайра шайлоолор качан уюштурулат? Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 11-майдагы жыйынында Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, президентке кайра шайлоо дайындоо тууралуу сунуш жиберди. Боршайкомдун төрага орун басары Абдыжапар Бекматов 27 шайлоо тилкесинде ар түрдүү мыйзам бузуулар видеолорго катталганына карабай, аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарбагандыгын белгилеп, негизинен үгүт иштеринде эрежелер бузулганын жана бир канча шайлоо тилкелеринде ушул жылы массалык каттоого тургузуу болгонун негиз катары көрсөттү.

Абдыжапар Бекматовдун Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушун БШКнын сегиз мүчөсү колдоп, төртөө каршы добуш берди.

«Биз акыркы даярдалып жаткан шайлоолордо ыкчам аракет кылуу механизмдерин иштеп чыктык. Бардык кайрылууларга, социалдык тармактан келген кайрылууларга да туура чечим болбосо да реакция болду. Массалык каттоо бир канча шайлоо участкасында орун алды. 50 шайлоочу шайлоочулардын тизмесине киргизилип, бир үй бүлөдөн 31 жаран шайлоого катышканы белгилүү болду. Мен ушул жылы гана катталган массалык катталуучуларды айтып жатам. Андан сырткары шайлоонун купуялуулугун бузуп, бюллетендерди телефонго тарткандар бар. Мындан сырткары административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланган Арапова деген домком, Азимов деген талапкер, Аралиев деген азыркы турак жай-коммуналдык чарбанын жетекчиси бар. Шайлоочулардын дабуштарын сатып алуу боюнча №5278, №5319, №5311, №5905 тилкелерди өзүңөр тасмадан көрдүңөр. Мындан сырткары шайлоочуларга жана байкоочуларга кысым көрсөтүү боюнча №5276 шайлоо участкасында «Улуттар биримдиги» партиясынын талапкери кирип, ошол шайлоо тилкесинде жаңжал чыгарып отурат. Мен Ош аймактык шайлоо комиссиясы мыйзам бузуулар боюнча видео менен тастыкталып берилген материалдарга көңүл бөлбөгөнүн айтып кетким келет. Алар канаатандыруусуз калтырылды деп гана калган». 

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңешке катышкан шайлоочулардын добуштарынын үчтөн бири жокко чыгарылса, кайра шайлоо болушу керек. Ошто жалпы 78 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүргөн.

11-апрелде өткөн шайлоодо Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып, төртөө өткөн. Алар: «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Ыйман Нуру» жана «Ынтымак» партиялары.

Ош шаарынын борбордун аянтына «Улуттар Биримдиги», «Ишеним», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт» жана «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышып, бир нече жолу митингге чыгышкан болчу.

Шайлоонун жыйынтыгында үчүнчү орунду алган «Ыйман Нуру» саясий партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков анын таза өтпөгөнүн айтып, жокко чыгарылганы туура чечим болду деп эсептейт.

Анын пикиринде, шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышына себеп болгон партиялардын кайра шайлоого катышуусуна жол бербөө керек.

«Негизи биз үчүнчү орунду алганбыз. Бирок шайлоонун таза өтпөгөнү көзгө көрүнүп эле турду. Ошондуктан шайлоолор таза өтпөсө, элдин үмүтү сынган бойдон кала берет экен да. Президентибиз айтты эле шайланып жатканда: «Мен элдин үмүтүн уурдабайм», — деп. Биз өтсөк деле бул шайлоонун ушул бойдон калышын каалаган жок элек. Анткени шайлоо таза өтпөсө, кандайдыр бир админресурс же материалдык ресурс пайдаланылса, адамдардын чыныгы ой-пикири билинбей калат. Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Чыныгы маанай, кимдин колдоосу көп-аз экендиги билинбей калат. Анткени күчкө салып, көп жерди өзгөртүп жиберет экен. А дейбиз, бу дейбиз, бирок чындык кымбат. Ар бир шайлоонун жыйынтыгында бюджеттен миллиондогон акчалар кетип жатат деген эле сөз». 

Ал эми «Ынтымак» саясий партиясынын лидери Марлен Маматалиев эгерде Ошто шайлоо таза өткөндө, 4 мандат эмес, 7-8 мандат алмакпыз дейт.

Ал кийинки шайлоолорду таза өткөрүү үчүн кайсы тилкеде мыйзам бузуулар болгон болсо,  ошол тилкеден  талапкерлерди кийинки шайлоого киргизбөө керек деген ойдо.

«Ошол  жерде мыйзамдар одоно бузулуп, админресурс колдонулгандыктан, биз оппозицияга кеттик деп жарыялаганбыз. Бизге бул сүйүнүчтүү кабар болду. Эми таза шайлоо өтсө, жакшы күрөш болуп, реалдуу мандат алмакпыз. Эми бул баарына сабак болушу керек. Бекеринен баары кылынган жок. Мунун артындагы бардык козголгон кылмыш иштер аягына чыгышы керек деп эсептейм. Ошондо гана кийинки шайлоолор таза өтөт. Эгерде муну жөн эле жокко чыгарып, мурунку нерселер кайра кайталана турган болсо, анда бул токтобойт. Жаңы шайлоого талапкерлерди киргизбөө керек. Керек болсо партияларын да киргизбешибиз керек эле. Бирок ал мыйзамда жазылбай калыптыр, бирок талапкерлер кайра катыша албайт деген норма бар экен. Нормага ылайык, кайсы тилкелерде мыйзам бузуулар болгон болсо, ошонун негизинде жыйынтыгы жокко чыгарылса, ошол талапкерлерди кийинки шайлоого киргизбөө керек. Мына ошондо партиялар да, талапкерлер да ойлонуп калат. Ошондо таза өтөт деген чоң үмүт бар да».

2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо да бир канча партиянын нааразычылыгынан, элдик толкундоолордон улам жокко чыгарылган. Боршайком Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруга массалык катталуу болгонун да жүйө келтирди. Бирок шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын тизмесинин тактыгына, мыйзамдуулугуна Боршайком өзү жооп бериши керек.

БШК өз демилгеси менен таркашы керек же парламент азыркы курамды алмаштырышы зарыл. Ал эми шайлоо өткөрүүгө кеткен чыгымдарды БШКнын мүчөлөрүнүн эсебинен төктүрүү керек. Мындай пикирин БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

«Шайлоо өнөктүгү башталган учурда эле 18-мартта жөнөкөй жаран катары менде маалымат бар болчу. Ошто, Бишкекте коркутуулар, административдик ресурс колдонуулар, добуш сатып алуулар башталды. «БШК эмне себептен үн катпай отурасыңар? Чара көргүлө», — деп жазгам. Кылмышты жасатып алып, анан жоопкерчиликке тарткандан көрө алдын алуу иштери жасалышы керек болчу. Мына, 18-мартта айтылган сөздүн жыйынтыгы эми чыгып жатат. Тилекке каршы, БШК жана укук коргоо тараптан аракетсиздик болгон. Бул аракетсиздиктин аркасында кандайдыр бир саясий, коррупциялык же жеке кызыкчылык барбы, мен билбейм. Буга прокуратура органдары сөзсүз түрдө баа бериши керек. Шайлоо өткөрүүгө кеткен чыгымды БШКнын мүчөлөрүнүн эсебинен төктүрүү керек. Октябрдагы шайлоого 500 миллионго жакын сом мамлекеттик бюджеттен кеткен, бул жергиликтүү кеңештерге шайлоого деле 400 миллион сомдон ашык акча кетти. Анан улам эле шайлоо өткөрүү булардын жеке менчиги же оюнчугу эмес. Каалашыңча элди чаң-тополоңго салып ойнотуп, кайра жокко чыгарып, кайра шайлоо деп кызмат ордун сактап отургудайчы. Буга үчүн сөзсүз түрдө жоопкерчилик болушу керек, казынадан кеткен акчаны толтуруу керек».

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 420 айылдык кеңеште, 28 шаардык кеңеште өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү үчүн жалпы 425 млн 243 миң 500 сом сарпталганын билдирди.

Эске салсак, ушул жылдын 10-январында өткөн референдумду өткөрүүгө бюджеттен 39 миллион 946 сом бөлүнгөнү, президенттик шайлоого 549 миллион сом коротулганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM